
Жогорку Кеңеште балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоону кайра карап чыгуу зарылдыгы көтөрүлдү
Жакында «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун бириккен жыйынында депутат Акылбек Тумонбаев балдары бар үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пул системасын кайра карап чыгуу маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдар бар болсо да, Кыргызстанда балдары бар үй-бүлөлөргө берилген реалдуу колдоо жетишсиз экенин жана калктын муктаждыктарын канааттандырбай турганын айтты.
«Бала төрөлгөндө берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү болгону 4 миң сом, ал эми муктаж үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү жардам — 1 миң 200 сом. Бул үй-бүлөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына такыр туура келбейт», — деп баса белгиледи Тумонбаев.
Депутат ошондой эле бардык балдар үчүн тең шарттарды камсыз кылуу максатында «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топтору 12 жашка чейин бардык балдарга жөлөк пул төлөөнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирди. Ошол эле учурда, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн колдоо күчүндө калат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 163 миң 592 аз камсыз болгон үй-бүлөдөн бала жөлөк пул алууда, ал эми өлкөдөгү 12 жашка чейинки балдардын жалпы саны 1,8 миллионду ашат.
«Биз жөлөк пулдарды белгилөө механизмин өзгөртүү керек деп эсептейбиз, анткени бул өлкөдөгү бардык балдарга, үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалынан көз каранды болбостон, бирдей төлөм деңгээлин камсыз кылышы керек», — деп кошумчалады депутат.
Мындан тышкары, Акылбек Тумонбаев демографиялык өнүгүүгө жана жаш муунду тарбиялоого кошкон салымдарын эске алып, балдары бар энелерге 5 миң сом өлчөмүндө кошумча социалдык жардам киргизүүнү сунуштады.
Сүрөт www