Бишкекте «Ортолук Азия - АКШ» аталышындагы B5+1 бизнес-форуму аяктады. Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланова бул иш-чаранын акыркы пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.
Анын айтымында, форумга 211 компания жана уюмдарды өкүлдөгөн 400гө жакын адам катышты. Айрыкча, катышуучулардын арасында жаңы чечимдер жана кызматташуу форматтары боюнча иш алып барган алдыңкы компаниялар бар экенин белгилеп өтүү керек.
«Бул B5+1 платформасы талкуулар үчүн гана эмес, чыныгы өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн реалдуу мейкиндик болуп жатканын көрсөтөт. Региондун жана АКШнын бизнес коомчулугунун делегациялары, анын ичинде Кыргызстандан 80, Казакстандан 35, Өзбекстандан 27, Тажикстандан 22, Түркмөнстандан 13 жана АКШдан 34 компания форумдун ишине активдүү катышты», - деди Нурланова.

«Америкалык өнөктөштөрүбүз жана CIPE уюму менен биргеликте бул форумга олуттуу даярдык көрдүк. Биздин максат катышуучулардын оң таасирлер менен гана эмес, жаңы байланыштар, идеялар жана келечекте ишке ашырылышы мүмкүн болгон келишимдер менен кетүүсүн камсыз кылуу болду. Пикир алмашуунун активдүүлүгү жана өткөн жолугушуулар санына карап, биз бул тапшырманы аткардык», - деп кошумчалады ал.
Нурланова форумда талкууланган чечимдерди жана инициативаларды узак мөөнөттүү кызматташтык алкагында ишке ашыруу кийинки маанилүү кадам болоорун баса белгиледи.
«Биз мындан ары да кызматташууга ачыкпыз жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярбыз. Кыргызстан биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык зарыл ресурстарга ээ», - деп жыйынтыктады Беназир Нурланова.